Ислам тарбиясы – 09

Акырет күнүнө ыйман кылуунун мааниси, жеке инсан жана коомдун турмушундагы мааниси

Ислам тарбиясы – 09

Акырет, өлгөндөн кийин адамдардын кайрадан тирилиши менен баштала турган жана түбөлүк улантыла турган турмуштун аты. Ыйман негиздеринин бири да акыретке ыйман кылуу. Тактап айтканда өлгөндөн кийин кайрадан тирилтилерибизге, кыямат күнү деп аталган жерде чогуларыбызга жана бул дүйнөдө кылган – эткендерибиздин эсебин берерибизге ишенүү. Акыретте ыйман, Аллага жана пайгамбарга ыйман менен бирге исламдык ишенич негиздерин түзүүдө. Аллага жана акыретке ишенген киши башка ишенич негиздерине оңой менен ишенет. Сезимдер менен билинбеген, жашоосу вахий менен билдирилген акырет турмушуна ишенүүнү керек кылат. Ушул себептен акыретке ишенүү, ыйман негиздеринин арасында маанилүү орунда турат.

Ислам акырет ишеничин төмөнкүчө негиздеген. Адамдар жокчулуктан Алланын кудурети менен сынак аянты болгон дүйнөгө жиберилген. Бул дүйнөдө бардык нерсени адамдын буйругуна берген Улуу Алла аны бош калтырган эмес, жаратканын таануу жана ал ыраазы боло тургандай түрдө жашоону милдет кылган. Өзүнө берилген өмүр бүткөндө өлөөрү, түбөлүк аалам болгон акырет турмушунда кайрадан тирилтилери жана ал жерде суракка алынары да адамга билдирилген. Ушундай жол көрсөтүлгөндөн кийин ишенип – ишенбеш, бир нерселерди аткаруу же аткарбоо тууралуу адамды мажбурлаган эмес, өз эркине ташталган. Акыретке ыйман кылуу ага баш ийүү, тануу жана каршы чыгуусуна карата адамдардын бейиш жана тозокко барарына ишенүүнү керек кылат. Ислам ишеничине караганда каапыр, карасанатайлар түбөлүк тозокто болушат. Күнөөкөр момундарды Алла кечирбесе жазаларын тозокто тартышат, андан кийин ыйман кылуунун сыйлыгы катары бейишке киришет.

Кураанда акырет тууралуу жагдайлар баса белгиленген. Айрыкча акыретти тануу, Алланы тануу катары кабыл алынган.

Кураан аң – сезимдүү мусулмандардын өзгөчөлүктөрүнөн сөз кылган аяттарда алардын акыретке ыйман кылышкандарын баса белгилейт. Төмөндөгү аяттар акырет ишеничин негиздөө жактан көңүл бураарлык: «Жаратылгандардын биринчисин жоктон жараткан, өлүмдөн кийин да тирилткен ал. Бул тирилтүү анын оюу боюнча оңой».

«Кыямат күнү үчүн адилеттик таразасын курабыз. Эч кимдин акысы желбейт. Адамдын тырнактай да болсо аткарган иши каралат. Эсеп суроого биз жетебиз».

Өлгөндөн кийинки тирилүүнү далилдөө үчүн Кураанда : «Ал өлүүдөн тирүүнү, тирүүдөн өлүүнү чыгарат жана өлгөн топуракка жашоо берет. Сиздер де өлгөндөн кийин ушундайча тирилесиздер»,- деп айтылган.

Акыретке ыймандын жеке адам жана коомдук турмуш жактан маанисин төмөнкүчө жыйынтыктай алабыз : акырет күнүнө ыйман кылган киши үмүтсүздүккө түшпөйт. Аны ыйманы бардык жамандык, ооруга чыдоого түртөт. Булардын баары Алладан. Анын жообу акыретте берилет. Ошондуктан булар анын бактылуу болушуна тоскоол боло албайт.

Акыретке ыйман кылган киши өлүмдүн жок болуу эмес экенин билет. Өлүмдү сүйгөндөрүнө жана бейишке жетишүү үчүн себеп катары көрөт. Өзүн өлүмгө жакындаткан ооруну жана картаюну ушул ишеничтин саясында оңой менен кабыл алат. Сүйгөндөрүнүн өлүмүнө чыдай алат. Өлүмдүн жок болуу экенин ойлогон бир кишинин бейпилдик ичинде болушу мүмкүн эмес.

Акыретке ишенүү адамдын вазыйпасы жана жоопкерчилик аң – сезиминин өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзөт. Адам бул ыймандын саясында туура болуудан чыкпайт. Кирешесин мыйзамдуу жолдор менен табат, алдоо, көз бойомочулук кылбайт. Өмүрүн жана тапкандарын пайдалуу иштерде колдонот.

Акыретте ыйман кылуу коомдо жогорку ахлактын орун алуусун каалайт. Ыйман аң – сезимине жетишкен мусулмандардан турган үй бүлө жана коом бейпил болот. Ошондуктан жеке кишинин, үй бүлөнүн, коомдун жана бардык адамзаттын чыныгы бакыт жана бейкуттукка жетишүүсү акырет турмушуна ишенүүсүнө байланыштуу. Бардык жамандыктардын негизинде акыреттин эсепке кошулбашында жатат.

Каалоолорунда чек болбогон адам, башкаларынын акысын жеп, аларга зулумчулук кылат. Өз пайдасы үчүн бардык айлакердик жана жамандыкка барышы мүмкүн. Акыретте эсеп берүү ишеничи жана жазаландыруу тынчсыздануусу аны башкаларына жамандык кылуудан алыстатат. Өз укугун жана чектерин билет, башкалардын укугун көзөмөлгө алууну да карыз катары билет.

Акырет ишеничи адамга түбөлүк бейишке жеткирүү менен эле калбастан бул дүйнөнү да бейишке айландырат.



Тектеш кабарлар