Ислам тарбиясы-8

Мухаммед пайгамбардын мусулмандар үчүн мааниси жана үлгүлүүлүгү.

Ислам тарбиясы-8

Алла Таала Мухаммед пайгамбардын мусулмандар үчүн маанисин «Эй Пайгамбар! Биз сени күбө болуучу, кубантуучу, эскертүүчү жана Алла тарапка Анын буйругу менен чакыруучу нурдуу чырак түрүндө жибердик» деген аяты менен ачык түрдө сөз кылган. Бул аят Мухаммед пайгамбардын кызматтарын; үлгү болуу, кубантуу, эскертүү, чакыруу, адамдын ички дүйнөсүнө жарык чачуу деп тизмелеген.

Бүткүл ааламдарга мээрим катары жөнөтүлгөндүгү билдирилген Мухаммед пайгамбар, жашоосу бою өзүнө берилген буйруктарды ишке ашырып, диндин бардык шарттарын аткарган. Жашоосу менен мусулмандыкты өкүлдүк кылып, адам баласы үчүн эң сонун үлгү болгон. Пайгамбарыбыздын мусулмандарга үлгүлүүлүгү жөнүндө Алла Таала: «Чындыгында, силер үчүн да, Алланы, акырет күнүн үмүт кылгандар жана Алланы көп эске алган адамдар үчүн да - Алланын элчисинде көркөм өрнөктөр бар»,-деп буйрук кылган.

Адеп-ахлактуулуктун эң сонун үлгүлөрүн ишке ашырып көрсөткөн Пайгамбарыбыз буларды тарыхтын барактарына алтын тамгалар менен жазган. Сахабасын сабатсыз деп атаган мезгилдин элдерин, ширк, наадандык жана куугунтуктан чыгарып үлгүлүү коомчулукка айландырган.Бул балким Курандан кийинки анын эң чоң керемети болуп саналат. Анын үммөтү болом деген мусулмандардын да пайгамбардын жүрүм-туруму менен адеп-ахлактуу болушу жана жолун жолдошу ага үммөт боло алуунун талабы экени шексиз.

Куранда «Албетте, сен үлкөн кулк-мүнөз үстүндөсүң» деген аят менен Азирети пайгамбарыбыздын кулк-мүнөзүнүн мактоого арзырлык экени айтылган. Өзүнө да «Мен адеп-ахлактуулукту толуктоо үчүн жиберилдим» деп буйрук кылган. Башка хадисте болсо ыйман менен адеп-ахлактын ортосунда байланыш куруп «Мусулмандардын ыйман жагынан эң мыктысы – адеп-ахлагы эң жакшы болгон адам» деп буйрук кылынган. Айрыкча «Чындыгында, Кыямат күнү мен жакшы көрө турган жана мага жакын боло турганыңар – кулк-мүнөзү жакшыңар» - деп айткан.

Пайгамбарыбыздын адеп-ахлактуулугунун эң негизги сыпаттарынын бири, анын чынчылдыгы эле. Ал берген убадасын сөзсүз убагында орундатчу. Ал эмес тамашалашкан учурда да чынчылдыктан тайган эмес. Ушул өзгөчөлүгүнөн улам ага пайгамбарлыгына чейинки коомчулук, анын ысымына Эмин сыпатын кошуп «Чынчыл Мухаммед» деген маанини туюнткан «Мухаммед-үл-Эмин» деп аташкан. Азирети пайгамбар «Чынчылдык адамды жакшылыкка, жакшылык болсо бейишке алып барат. Туура сүйлөөдөн такыр тайбаган адам акырында чынчылдардын катарынан орун алат. Жалганчылык адамды күнөөгө, күнөө болсо тозокко тартат» деген.

Анын мусулмандар тарабынан үлгү алынышы керек болгон сыпаттарын төмөнкүчө айта алабыз:

Мухаммед пайгамбар боорукер, жылдыздуу, назик жана ички дүйнөсү таза эле. Жаман жана катуу сөздөрдү айткан эмес. Адамдардын сөзүн бөлбөй, аягына чейин кунт коюп укчу. Эч кимдин жеке жашоосуна кийлигишкен эмес. Ага жасалган жамандыктарды кечирип, эч кимдин көңүлүн оорутчу эмес. Ак ниеттүү жана адилетүү эле. Адамдар арасында ажырым кылбай, өзгөчө жакырларга, жетимдерге жана багар-көрөрү жокторго дагы көбүрөөк көңүл бурчу. Оорулууларды көргөнү барчу. Арыз-муңу барлар менен алектенип, кыйынчылыктарын тең бөлүшчү. Өтө жоомарт болчу. Жөнөкөй жашоосу бар эле. Аллага кулдук кылууну эң улуу сыймык деп билчү. Көр дүйнөгө маани берчү эмес.

Кичине кезинен бери он жылдай Мухаммед пайгамбарга кызмат кылган Азирети Ананстын бул сөздөрү анын адеп-ахлактуулугун кыскача түшүндүрүп турат: «Мен Аллахтын элчисине он жыл кызмат кылып, бир жолу да «Уф» деп айтканын уккан жокмун. Мен туура эмес иш кылып койсом да, мага: «Эмнеге мындай кылдың» - дечү эмес. Эгер бир ишти аткарбай койсом: «Эмне үчүн мындай кылганың жок», - деп да айтчу эмес».

Мухаммед пайгамбар ибадат темасында да үммөтүнө үлгү болгон. Ал ибадаттарда чынчылдык жана туруктуулукту баса белгилеген. Кулдук аң-сезимин жандуу кармоо түшүнүгүн берген такыбаалыкты сунуштаган. Ибадаттар жана жакшы иштер менен гана ыймандын даамын сезүүгө болоорун белгилеген. Ибадаттарга бекем болгонуна карабастан үммөтүн кыйынчылыкка салбоо, аларды тажатпаш үчүн дайыма жеңилин тандаган. Намаз кылдырып жатканда да балдарды, энелерин жана кары-картаңдарды ойлоп аны кыскача бүтүргөн.

Мухаммед пайгамбардын мусулмандар үчүн абдан маанилүү дагы бир мааниси да, анын дубасынын мусулмандар үчүн ырайымдуулук жана акырет күнү үммөтү үчүн шапаат болушу. Бул темада «Ар бир пайгамбардын үммөтү үчүн дубасы бар. Мен да дубамды кыямат күнүндө үммөтүмө шапаат кылуу үчүн сактадым» деп буйрук кылган.

Ушул өзгөчөлүктөрдүн баарын эске алган Ислам аалымдары, Мухаммед пайгамбарга үммөт болгон, Аллага ширк кылбаган мусулмандар акырет күнүндө жооп бергенден кийин Азирети пайгамбардын шапааты менен кечириле турганын айтышкан.



Тектеш кабарлар