Евразияга сереп салуу-41

Азербайжан жана Түркмөнстандагы конституциялык өзгөртүүлөр

587436
Евразияга сереп салуу-41

«Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасын окуп жатасыздар. Программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө Азербайжан жана Түркмөнстандагы конституциялык өзгөртүүлөр жөнүндө сөз кылабыз.

Түркмөнстандын борбор шаары Ашхабаддагы Руханият сарайында 14-сентябрда өткөрүлгөн Аксакалдар Маслахатынын жыйынында өлкөнүн жаңы баш мыйзамы көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынды. Жыйынга 600 кишиден турган Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү, өкмөт мүчөлөрү, дипломаттар жана эл өкүлдөрү катышты. Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухамедов жыйындагы сөзүндө, эки жыл талкууланган кийин өзгөртүлгөн баш мыйзамдын өлкөнүн коопсуздугу жана өнүгүүсү үчүн бурулуш жери болоорун белгиледи. Гурбангули Бердимухамедов добуш берүүдөн кийин дароо жаңы баш мыйзамды бекитти.

Жаңы баш мыйзамга ылайык Түркмөнстандын конституциясына 28 жаңы берене кошулду жана 107 беренеге өзгөртүүлөр киргизилди. Түркмөнстандын Тарапсыздык статусунун өзүнчө берене катары конституцияга кошулушу БУУ, Европанын Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму сыяктуу эл аралык уюмдар менен дагы көп кызматташуу, экономикада товар экспорттогон өлкө болууну камсыздоону көздөгөн беренелер жаңы конститициянын өзгөчөлүктөрү катары көңүл бурууда.

600 кишиден турган Түркмөнстандын Аксакалдар Маслахаты өлкөдө Президенттиктен кийинки таасирдүү мекемелердин бири болуп саналат. Кеңеште ар бир областты жана борбор шаар Ашхабадды 100дөн эл өкүл өкүлдүк кылууда. Кеңешке өкүл боло алуунун шарттары 60 жашка толуп, 25 жылдык иш тажрыйбасына ээ болуу жана эл тарабынан урматталган адам болушу керек.

Евразия аймагынан Азербайжандын да конституциясына өзгөртүүлөр киргизилди. Азербайжанда 2016-жылдын 26-августунда жаңы баш мыйзам үчүн өткөрүлгөн референдумда расмий болбогон жыйынтыктарга караганда шалоочулардын 86,6 пайызы «макул» добушун берди. Азербайжандын Борбордук шайлоо комитети, конституциянын 23 беренесине өзгөртүүлөрдүн киргизилиши жана жаңы 6 берененин кошулушу үчүн өткөрүлгөн референдумга өлкөдө катталган 5 миллион 260 миң шайлоочудан 3 миллион 671 миң кишинин өз добушун бергендигин, референдумга катышуунун 69,7 пайыз болгонун билдирди.

Шайлоочулар өлкөнүн жалпысында курулган 5 миң 627 шайлоо участкасында өз добуштарын беришти. Чет өлкөдө жашаган Азербайжан жарандары болсо 38 жерде курулган борборлордо референдумга катышышты.

Референдумга 53 миң 300 жергиликтүү, 117 эл аралык байкоочу көз салды.

Президент Илхам Алиевдин сунушу менен элдик добушка коюлган баш мыйзамга ылайык, президенттин кызмат мөөнөтүнүн 5 жылдан 7 жылга көбөйтүлүшү, президент болуу жашындагы «кеминде 35 жаш» деген чектөөлөрдүн жоюулушу, президентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлүшүн жарыялоо укугунун берилиши, «президенттин биринчи орун басары» жана «президенттин жардамчылары» макамдарынын да түзүлүүсү көздөлүүдө. Өзгөчө бул кызматтарга дайындоолор жана кызматтан алуулар президент тарабынан аткарылат. Жаңы баш мыйзам боюнча президенттин биринчи орун басары кол тийбестикке ээ болот жана президент болбогон учурларда бардык укуктар биринчи орун басарга өтөт. Аталган өзгөртүүлөргө ылайык, конституциянын «Мал-мүлк мыйзамы» бөлүмүнө «Жеке менчик коомдук жоопкерчилик талап кылат» менен «Коомдук адилеттүүлүк жана жерлердин пайдалуу колдонулушу максатында жер мүлкү укугуна мыйзам аркылуу чектөөлөр киргизилиши мүмкүн» деген беренелер кошулат. Референдумдун так жыйынтыгы 21-октябрда жарыяланат.

Борбордук Азия өлкөлөрүндө конституциялык өзгөртүүлөр кадимки эле көрүнүшкө айланды. Өзбекстанда 1992-жылы 8-декабрда кабыл алынган баш мыйзам 2003-2007-2008-2011-жылдары жана 2014-жылы өзгөртүлдү. Тажикстанда 1994-2016-1999-2003-жылдары, Казакстанда болсо 1995-1998-2007-жылдары жана 2011-жылы конституцияга өзгөртүүлөр киргизилди. Ал эми Кыргызстан 1994-жылдан 2010-жылга чейин сегиз жолу баш мыйзамды өзгөртүп, аймакта конституцияга эң көп өзгөртүү киргизген өлкө болуп саналат. Кыргызстан декабрь айында кайрадан баш мыйзамды өзгөртүүгө даярданып жатат.  

Көз карандысыз Түркмөнстандын биринчи баш мыйзамы 1992-жылы 18-майда кабыл алынган. 1995-жылы жана 2008-жылы бул баш мыйзам өзгөртүлдү. Азербайжан конституциясы 1995-жылы 12-ноябрда референдум жолу аркылуу кабыл алынган жана ушул эле жылы 27-ноябрда күчүнө кирген болчу. Конституциялык өзгөртүү Түркмөнстанда тынч өтсө, Азербайжанда оппозициячыл жана бейөкмөт уюмдары президент Илхам Алиевдин күчү дагы да артаарын себеп көрсөтүп, конституциялык реформага каршылык көрсөтүштү. Бул баш мыйзамдардын тез-тез өзгөртүлүшү, көз карандысыздыктарынын 25 жылдыгын белгилеген Борбордук Азиядагы Түрк Республикаларынын өздөрүнө ылайыктуу башкаруу түрүн дагы деле издеп жаткандарын көрсөтүшү мүмкүн.



Тектеш кабарлар