Honda Англиядагы ишканасын жабат

Бул ишканада чыгарылган унаалардын 90 пайызы Европа Биримдиги жана АКШга экспорттолууда.

1148253
Honda Англиядагы ишканасын жабат

Япон автоунаа компаниясы Honda Англиядагы ишканасын жабууну чечти.

ББСде орун алган маалыматта Hondaнын Англиянын түштүк-батышында орун алган Суиндондогу өндүрүш ишканасын 2022-жылы жабылышына чечим чыгарганы белгиленди.

Кабарда өндүрүш ишканасынын орто эсеп менен 3 миң 500 кызматкердин жумушсуз калышына себеп болоору билдирилди. Премьер-министр Тереза Мэйдин Hondaнын расмий билдирүүсүнөн кийин өз оюн айтаары маалымдалды.

Hondaнын Суиндондогу өндүрүш ишканасында жылына орто эсеп менен 160 миң Honda Civic үлгүсүндөгү унаа чыгарылат.

Анын орто эсеп менен 90 пайызы Европа Биримдиги жана АКШга экспорттолууда.



Тектеш кабарлар