Ювелирдик буюмдардын экспорту 2018 - жылы 35 пайызга өстү

Түркиянын ювелирдик буюмдарды экспорттоосу өткөн жылы 2017 -  жылга караганда 35 баллга артып 4 миллиард 410 миллион 461 миң 204 доллар болуп ишке ашты.

Ювелирдик буюмдардын 48 пайызы иштетилбеген же жарымы иштетилген алтын,  44 пайызы алтындан жасалган буюмдар, 3 пайызы алмаз кошулган алтындан жасалган буюмдар, 1 пайызы баалуу металлдар жана баалуу материалдар капталган металлдардын калдыктары, 1 пайызы да бермет, баалуу таштар жана булардан турган буюмдардан турат.

Өткөн жылы ишке ашкан экспорттун ичиндеги эң чоң үлүштү 28 пайыздык бөлүгү жана 1 миллиард 234 миллион доллар менен Европа Биримдиги өлкөлөрү алды. Европа Биримдиги өлкөлөрүнөн кийин 25 пайыздык үлүш жана 1 миллиард 94 миллион доллар менен башка Европа өлкөлөрү, 23 пайыздык үлүш жана  1 миллиард 22 миллион доллар менен Жакынкы Чыгыш жана Азия, 441 миллион доллар менен башка Азия, 313 миллион доллар менен Түндүк Америка жана 155 миллион доллар менен Түндүк Африка өлкөлөрү алды.

Тектеш кабарлар