Түркия чайы 2018 - жылды рекорд менен жапты

Бул сезондо чайдан түшүм жыйноо үчүн Чыгыш Кара деңизге Грузиядан 40 миң киши келди.

Түркия чайы 2018 - жылды рекорд менен жапты

Чыгыш Кара деңизде бул сезондо 1 миллион 475 миң тонна жаңы чай жана 295 миң тонна кургатылган чай өндүрүлүп тарыхынын эң жогорку санына жетишилди.

2018 -  жылы Артвин, Ризе, Трабзон жана Гиресунда чай түшүмүндө 204 миңге жакын киши эмгек кылды. Аймакта 2017 -  жылга салыштырганда 200 миң тоннадан ашуун жаңы чай өндүрүлдү. Бул сезондо чайдан түшүм жыйноо үчүн Чыгыш Кара деңизге Грузиядан 40 миң киши келди.



Тектеш кабарлар