Памуккале эң жогорку турист санына жетти

Памуккале 11 айда 2 миллион 50 миң туристти тосуп алып ушул кезге чейинки эң жогорку турист санына жетти.

1107635
Памуккале эң жогорку турист санына жетти

Түркиянын негизги туризм борборлорунан Денизлидеги Памуккале 11 айда 2 миллион 50 миң туристти тосуп алып ушул кезге чейинки эң жогорку турист санына жетти.

ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас тизмесиндеги Памуккалеге ар мезгил жергиликтүү жана чет элдик туристтер келет. Термалдык суулары менен 2 миң 500 жылдан бери адамдарга шыпаа берген Памуккаленин апапак травертиндери жана Иераполис байыркы шаарындагы тарыхый курулуштар, аймакка дүйнөнүн бардык жеринен туристтерди тартууда.

Клеопатра бассейни деп да билинген байыркы бассейн байыркы теарт, бейиштин каалгасы, Азырети Исанын 12 кабарчысынан Ыйык Филипптин мазары жана башка тарыхый байлыгы менен жергиликтүү жана чет элдик туристтердин кызыгуусун тарткан Памуккале турист санында рекордго жетишти.

Турист санында рекордго жеткен 2014 -  жылы 1 миллион 875 миң туристти тосуп алган Памуккалеге 2015 -  жылы 1 миллион 710 миң, 2016 -  жылы 974 миң 5000 жана 2017 -  жылы 1 миллион 524 миң киши кирген.

Памуккалеге бул жылдын 11 айында 2 миллион 50 миң турист келген. Ушундайча Памуккале бардык учурлардын эң жогорку турист санына жетти.



Тектеш кабарлар