Түрк жана орус энергетика адистеринин жыйналышы Стамбулда өтүп жатат

Түркия жана Орусиядан энергетика тармагында алдыга чыккан адистер катышкан жыйналыш, «Келечектин энергетика портфелинде жаратылыш газ» жана «Түркиянын келечегинде Түрк агымынын ролу» болуп эки отурумдан турат.

Түрк жана орус энергетика адистеринин жыйналышы Стамбулда өтүп жатат

Анадолу агенттигинин кожоюндугунда жана Орусиянын маалымат агенттиги ТАСС менен биргелешип өткөрүлгөн Түркия-Орусия Энергетика адистеринин жыйналышы бүгүн Стамбулда ишке ашты.

Түркия жана Орусиядан энергетика тармагында алдыга чыккан адистер катышкан жыйналыш, «Келечектин энергетика портфелинде жаратылыш газ» жана «Түркиянын келечегинде Түрк агымынын ролу» болуп эки отурумдан турат.

Алгачкы отурумдун модерторлугун ТАСС маалымат агенттигинин башкы директорунун орун басары Максим Филимонов милдеттенсе, экинчи отурумду болсо Анадолу агенттигинин энергетика боюнча редакторунун орун басары Барыш Саглам башкарды.

Жыйналышка Түркиядан; Йылдырым Бейазыт университетинин проф.Эрдал Танас Карагөл, Жер Ортолук деңизге жээктеш өлкөлөрдүн энергетика фирмалары биримдигинин гидрокарбондор боюнча директору др.Сохбет Карбуз, Энергетика базарлары жана саясаттары институтунун башчысы Волкан Өздемир жана Түркия жараталыш газ таркатуучулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасы Яшар Арслан катышууда.

Орусиядан болсо жыйналышка EastWest институтунун энергетика коопсуздугу боюнча адиси Данила Бочкарев, Орусиянын улуттук энергетика коопсуздугу фондунун башкы директору Константин Симонов, Москванын Сколководогу манеджмент окуу жайынын энергетика борборунун газ бөлүмүнүн башчысы др.Роман Самсонов жана Москванын экономика техникумунун энергетика институтунун башчысы др.Виталий Эрмаков катышууда.



Тектеш кабарлар