Орусияга жасалган мөмө - жемиш жана жашылча экспорту

Түркиядан жылдын 10 айында Орусияга 673 миң 222 тонна мөмө – жемиш жана жашылча экспорттолду.

Орусияга жасалган мөмө  - жемиш жана жашылча экспорту

 Түркиядан 2018 -  жылдын январь  - октябрь мезгилинде Орусияга жасалган 465 миллион 677 миң 118 долларлык мөмө – жемиш жана  жашылча экспортунда биринчи орунду 66 миллион 882 миң доллар менен шабдалы алды.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар ассоциациясынын маалыматына караганда Түркиядан жылдын 10 айында Орусияга 673 миң 222 тонна мөмө – жемиш жана жашылча экспорттолду.

Бул айлардын арасында ишке ашырылган мөмө – жемиш жана жашылча экспорту өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда көлөмү жактан 18 пайызга, баасы 24 пайызга артып 465 миллион 677 миң 118 долларга жетти.

Орусияга жасалган мөмө – жемиш жана жашылча экспортунун тизмесинде 72 миң 932 тонна менен шабдалы биринчи орунду алды. Шабдалынын экспортунан 66 миллион 883 миң 173 доллар киреше алынды.

Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде белгиленген өлкөгө экспорттолгон 56 миң 249 тонна шабдалыдан 54 миллион 578 миң 992 доллар киреше кирген. Ушундайча шабдалы экспорту өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда көлөмү жактан 30 пайызга, баада болсо 23 пайызга өсүү көрсөттү.



Тектеш кабарлар