Түрк агымы долбоору

Орусиянын энергетика министри Александр Новак: «Алгачкы газ 2020-жылдын 1-январында үйлөтүлөт»,-деди.

Түрк агымы долбоору

Орусиянын жаратылыш газын Түркиядан Европага ташый турган Түрк агымы долбоорунда иштер тыкыр жүрүп жатат.

Орусиянын энергетика министри Александр Новак, Орусиянын кабар каналы Россия-24кө берген маегинде, Түрк агымынын курулушу белгиленген календар боюнча уланып жатканын айтты. «2020-жылдын 1-январынан тарта эки багыттан тең жалпы 31,5 миллиард куб метрдик жаратылыш газ ташыла баштайт»,-деди ал.

Орусиянын энергетика министри, долбоордо Европага жете турган экинчи куурдун багыты тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.

Түрк агымынын деңиз бөлүгүндөгү курулушунун эки айдын ичинде бүтүрүлүшү пландалып жатат. Орусиянын газын Түркияга, Түркия аркылуу Европага жеткире турган Түрк агымы жаратылыш газ кууру, ар бири жылдык 15,75 миллиард куб метрдик көлөмгө жеткен эки багытка ээ болот.



Тектеш кабарлар