Кушадасына дагы бир круиз кемеси келди

Круиз туризминин негизги борборлорунан Айдын облусунун Кушадасы районуна "Marella Discovery 2" куриздери менен 1815 турист келди.

1064749
Кушадасына дагы бир круиз кемеси келди

Круиз туризминин негизги борборлорунан Айдын облусунун Кушадасы районуна "Marella Discovery 2" куриздери менен 1815 турист келди.

Эгей Порт портуна эрте менен 1815 жүргүнчүсү жана 757 кызматкери менен англис туристтерди алып келген Бахама желектүү "Marella Discovery 2" аттуу круиз келди.

Бул сезондо районго үчүнчү жана акыркы жолу келген кемеден түшкөн жүргүнчүлөрдүн кээ билери тур автобустары менен Ефес жана Мариям эне үйүнө барса кээ бирлери да шаар борборунда соода кылышты.

"Marella Discovery 2" кемеси бул сезондо районго 5239 турист алып келди.

Круиз туризминин келерки жылдан баштап дагы да кыймылдуу болушу күтүлүүдө.

2018 -  жылдан ушул күнгө чейин 139 круиз кемеси менен 110 миң 967 жүргүнчү келди.

Сезондун акырына чейин 13 кеме дагы келет. 2019 -  жылы арткан резервация саны менен 200дөн ашуун кеменин келиши күтүлүүдө.

Кеме кечки сааттарда порттон чыгып Грециянын Скиатос аралына барат.



Тектеш кабарлар