Лондондо Түрк соода борбору ачылды

Түрк соода борбору 13 фирманы камтыйт.

Лондондо Түрк соода борбору ачылды

Соода министри Рухсар Пекжан, Англиянын борбор калаасы Лондондо Түрк соода борборунун ачылышын жасады.

Министр Пекжан, Түрк соода борборунунда ишин жүргүзгөн керамика, курулуш, архитектура жана дизайн секторлорундагы фирмалардын товарларын иликтеп, маалымат алды.

Англияда эл аралык деңгээлде иш алып барган фирмалардын кеңселери орун алган Клеркенуэлл районунда орун алган Түрк соода борбору беш кабаттуу имаратта бардыгы 960 чарчы метрдик аянтта ишин жүргүзүүдө.

Түрк соода борбору 13 фирманы камтыйт. Министр Пекжан Англияга кечээ барган.



Тектеш кабарлар