Британияга мейиз экспорту

Эгейден Британияга органикалык «мектеп  жүзүмү» экспорту ылдам өсүүдө.

1048861
Британияга мейиз экспорту

 

Британияда башталгыч мектепке барган балдардын азыктануусу үчүн 14 граммдык пакеттерде даярдалган данексиз мейиздердин Измирдин Кемалпаша районундагы органикалык кургатылган мөмөлөрдү иштетүү комплекстеринен жүктөлө баштады.

Түркия бул жылы 250 миң тонна данексиз мейиз өндүрөт. Мунун 20 – 25  миң тонналык бөлүгү органикалык түрдө экспорттолот.

Түркиядан 80 миң тоннага жакын мейиз жиберилген Британияда балдардын колдонушу үчүн атайын пакеттер даярдалды. Британияда билим алуу толук бир күн болгондуктан ата  - энелер башталгыч мектепке барган балдарынын тамактанышы үчүн сумкаларына сүт, нан жана мөмө салуулары керек.

Сумкада алып жүрүүдө ыңгайлуу болушу үчүн кургатылган мөмөлөр дагы көп тандалууда. Мектепке барган баланын сумкасында сөзсүз түрдө кургатылган мөмө болот. Мейиздин жанында алма, анжир, кургатылган өрүк да болот. Бул өлкөгө жиберилген ораникалык мейиздин 25 – 30 пайызы маркеттерде кичинекей пакеттерде сатууга чыгарылууда. Мунун эң аз 10 пайызы балдар үчүн.

Бул жылы да 1500 тоннага жакын продукция бир гана мектепте колдонулуу үчүн Түркиядан экспорттолот.

 



Тектеш кабарлар