Кытай менен Орусия долларсыз соода кыла баштайт

Эки өлкө 2019-жылдан тарта соода карым-катнаштарын улуттук акча бирдиктери менен ишке ашырат.

Кытай менен Орусия долларсыз соода кыла баштайт

Кытай жана Орусия долларсыз соода кылуу темасында алгачкы кадамды таштап жатат.

Эки өлкө 2019-жылдан тарта соода карым-катнаштарын улуттук акча бирдиктери менен ишке ашырат.

Орусиянын түздөн-түз инвестиция фондунун төрагасы Кирилл Дмитриев, Кытай менен 2019-жылы алгач ирет улуттук акча бирдиги менен соода иштерин жүргүзө турганын жарыялады.

Дмитриев, Кытайдын өнүгүү банкы менен учурдагы баасы 10 миллиард долларга туура келген Кытай юаны көлөмүндөгү фонд боюнча макулдашкандарын айтты.

Орусиянын президенти Владимир Путин, мурдагы жылы маалымдоо жасап өлкөсү менен Кытайдын чет элдик акчаларга көз карандылыгын азайтыш үчүн жергиликтүү акча бирдиги менен соода кылына турганын айткан болчу.


Этикеткалар: соода , Орусия , Кытай

Тектеш кабарлар