Бодрумга майрамда 5 миллион турист келди

Чет өлкөлүк туристтер менен катар жергиликтүү туристтер да Курман айтка карата 9 күндүк эс алууда Мугла жана туристтик райондорду тандашты.

Бодрумга майрамда 5 миллион турист келди

Курман Айт майрамында Мугланын Бодрум, Мармарис, Фетхие, Датча жана Ортажа райондорундагы туристтик жайлар менен отелдер 100 пайыз толуп калды.

Чет өлкөлүк туристтер менен катар жергиликтүү туристтер да Курман айтка карата 9 күндүк эс алууда (17-26-август)  Мугла жана туристтик райондорду тандашты. Аймакка аба, деңиз жана авто жолдор менен 5 миллион турист келди.

Мугла жана туристтик жерлерде Курман айт майрамында бардык коноктоочу жайлар толуп ташты. Майрамдан улам өзгөчө жергиликтүү туристтер көп болду.

Жергиликтүү туристтер эң көп тандаган жана орто эсеп менен 2 миллион киши эс алган туризм борбору Бодрум болду.

Чет элдик жана жергиликтүү туристтердин көздөгөн жерлеринин арасында орун алган Бодрум ар түрдүү программалары менен конокторуна унутулгус эс алуу тартуулады.



Тектеш кабарлар