Түркиянын Орусияга бут кийим экспорту өстү

Түрк тери сектору 144 миллион долларлык пайда тапты.

Түркиянын Орусияга бут кийим экспорту өстү

Түркиянын Орусияга бут кийим экспорту январь-июль айларынын аралыгында 120 пайыз өсүп 91 миллион 707 миң долларга жетти.

Эгей экспортчулар биримдигинин билдирүүсүнө караганда, түрк тери сектору 2018-жылдын январь-июль мезгилинде Орусияга 64 пайыздык экспортунан 144 миллион долларлык пайда тапты.

Орусияга тери товарларынын экспортунда бут кийим сектору биринчи орунду ээледи.

Билдирүүдө көз караштарына орун берилген Эгейдеги тери жана тери товарларын экспорттоочулар биримдигинин Башкаруу кеңешинин төрагасы Эркан Зандар, экспортту арттыруу үчүн дүйнөнүн бардык жериндеги жарманкелерге катышууга аракет кылгандарын белгиледи.

Зандар: «Орусияга быйылкы жылдын аягында 250 миллион долларлык экспорт кылууну каалап жатабыз. Эки өлкөнүн ортосундагы саясий карым-катнаштардын оң жүргүзүлүшү экспорттун көрсөткүчтөрүнө чагылат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар