Мэрияларда эми доллар колдонулбайт

АК партиялык мэрияларга буйрук берилди.

Мэрияларда эми доллар колдонулбайт

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча орун басары Эрол Кая, президент Режеп Таййип Эрдогандын «бойкот» чакырыгынан кийин АК партиялык мэрияларга доллар колдонбоолору жөнүндө буйрук берди.

Эрол Кая 81 областка жөнөткөн чечимге байланыштуу маалымат берди.

Түркия-АКШ карым-катнаштарында келип жеткен акыркы абалдын иренжитерлик көрүнүштө экенин белгилеген Кая: «Түркия ар намыстуу мамилеси менен буга каршы күрөшүп жатат. АКШнын жасаганы өзүнө зыян алып келиши мүмкүн»,-деп айтты.

Валюта курстары аркылуу Түркиянын экономикасына карай жасалган кол салууларга байларыштуу болсо АК партиялуу 883 шаар башчыга «Доллар менен аткарган бардык иштериңиздерди Түрк Лирасы аркылуу жүргүзгүлө» деген чакырык салгандарын белгиледи.

Эрол Кая мэрияларды коомдук жайларда, элге ачык жайларда колдонулган бардык продукциялардын ордуна жергиликтүү продукцияларды колдонууга жана АКШ товарларын колдонбоого чакырды.



Тектеш кабарлар