Иш дүйнөсүнө жакшы кабар айтылды

Орусия менен Түркия макулдашты.

Иш дүйнөсүнө жакшы кабар айтылды

Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу иш дүйнөсүнө визасыз режим боюнча сүйүнчүлөдү.

Орусия менен визадан бошотуу темасында макулдашуу түзүлдү.

Министр Чавушоглу, 10-Элчилер конференциясынын алкагында Тышкы экономикалык байланыштар кеңешине караштуу Түркия экспортчулар ассамблеясы тарабынан берилген кечки сый тамакта элчилерге кайрылды.

Сөз сүйлөөсүндө бул теманы Анкарага келген Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшкөндөрүн баса белгилеген Чавушоглу: «Ишкерлерибизге, өзгөчө жүк ташуучу унаанын айдоочуларына, расмий паспорттун ээлерине, кызматтык паспорттун ээлерине визаларды жоюу темасында макулдаштык»,-деди.

Визасыз режимдин август айынын аягында баштала турганын баса белгилеген Чавушоглу: «Курман айт майрамынан кийин биргелешкен иш алпаруу тобубуз чогулуп муну күчүнө киргизебиз»,-деп айтты.

Чавушоглу визасыз саякат үчүн да бардык өлкөлөр менен иш аракеттердин уланып жатканын белгиледи.

 



Тектеш кабарлар