АКШ-Кытай соода согушу

АКШнын Кытайга карата бажы салыгынын экинчи бөлүмү 23-августа күчүнө кирет.

АКШ-Кытай соода согушу

АКШ бийлиги 50 миллиард долларлык кытай товарларына карай бажы салыгынын 16 миллиард долларлык экинчи бөлүмүнүн 23-августа күчүнө кире турганын билдирди.

Президент Дональд Трамп тарабынан адилетсиз соодасынын себебинен кытай товарларына киргизилген бажы салагынын экинчи бөлүмүндөгү деталдар такталды.

АКШнын Соода өкүлчүлүгү, 23-авгуттан тарта 25 пайыздык салык киргизиле турган 16 миллиард долларлык товар тизмесин жарыялады.

Бул тизмеде мотор майы, этилен, винилхлорид, акрилдик полимер сыяктуу 279 зат бар.

Кытайдын коргонуу, авиация жана өндүрүш секторун бутага алган бажы салыгынын 7-июлда күчүнө кирген биринчи бөлүмүндө болсо ядролук реакторлор, газ турбиналары, аба жана газ суюлтуучу машиналар, мештер жана идиш жууган машиналар сыяктуу 34 миллиард долларлык 818 товар бар эле.



Тектеш кабарлар