Япония банктары Иран менен финансылык байланыштарын токтотууда

Бул банктар, 4-ноябрга чейин бардык финансылык байланыштарды үзөт.

1012044
Япония банктары Иран менен финансылык байланыштарын токтотууда

Японияда банктар 4-ноябрга чейин Иранга караштуу бардык финансылык мекемелер менен болгон банк иштерин токтото тургандарын билдиришти.

Kyodo маалымат агенттигине караганда, Япониянын эң чоң банктарынан Mitsubishi UFJ жана Mizuho, 12-авгуттан тарта Иранга караштуу бардык финансылык мекемелер менен банк иштерин токтото тургандарын билдирди.

Аты аталган банктар, Иранга карай АКШнын санкциялары күчүнө кире турган 4-ноябрга чейин Тегеран менен бардык финансылык байланыштарын үзө тургандарын белгилешти.

АКШ башкаруучулугу, атомдук келишимден чыккан кийин Иранга санкцияларды киргизе турганын билдирип жана шериктештеринен Иран менен бардык финансылык байланыштарын ноябрь айынан тарта токтотууларын талап кылган болчу.



Тектеш кабарлар