Немистер Измирден баш тарта алышпайт...

2018 – жылдын жарым жылдык отчетуна караганда Измирде акыркы 3 жылга салыштырганда келген турист санында өсүү болду.

Немистер Измирден баш тарта алышпайт...

Измирге эң көп келгендер мурунку жылдарда болгондой эле немистер болду.

Бул жылы январь  - май айларынын арасында 76 миң 415 немис Измирдин тарыхый жана туристтик жерлерин кыдырышты.

Жылдын алгачкы айларына караганда 2016 -  жылы 73 миң 708, өткөн жылы болсо 61 миң 974 немис жараны Измирге келип тизмеде биринчи орунду алган.

Немис туристтерден кийин тизменин экинчи баскычында 20 миң 992 турист менен Голландия орун алды. Голландиядан кийин 17 миң 28 киши менен англис туристтер келди.

Жылдын биринчи жарымында Измирге аба жана деңиз жолу менен 75 миң 264 турист келип, бул сан акыркы үч жылдын эң жогорку саны болду.



Тектеш кабарлар