АКШ ТАНАПты колдойт

АКШнын Мамлекеттик департаментинин кеңешчи орун басары Сандра Оудкирк, Анкарада медиа мүчөлөрүнө берген маалыматында ТАНАПтын аймакка кошо турган салымдарына токтолду.

АКШ ТАНАПты колдойт

АКШ, Азербайжандын жаратылыш газын Түркия аркылуу Европага ташый турган Транс Анадолу жаратылыш газ кууру багыты (ТАНАП) долбоорун колдоорун билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин кеңешчи орун басары Сандра Оудкирк, Анкарада медиа мүчөлөрүнө берген маалыматында ТАНАПтын аймакка кошо турган салымдарына токтолду.

Долбоордун түштүк газ коридорунун чоң бөлүгү экенин баса белгилеген Оудкирк, ТАНАПтын аймактын энергетика долбоорлорунда ролунун маанилүү экенине көңүл бурду.

Оудкирк, Азербайжан газын ташый турган долбоор булактын түрүнүн көбөйүшүн камсыздай турганына көңүл буруп, «Бул долбоор, Азербайжандын газын ала турган өлкөлөр үчүн түрдүүлүк түшүнүгүн берет. Берки тараптан да сунуштаган өлкө үчүн энергетика коопсуздугуна күчтүү салым болот. АКШ катары түздөн-түз инвестициябыз жана соода мүмкүнчүлүгүбүз болбогонуна карабастан, булак түрдүүлүгү жана сунуш коопсуздугуна салым кошо турганы үчүн бул долбоорду колдойбуз»,-деп айтты.

Башка энергетика долбоорлорунун ТАНАПка кошулушуна байланыштуу сереп салган Оудкирк, бул долбоордун инфраструктурасынын өнүктүрүлүүгө жана кеңейтилүүгө ачык болгонун белгилеп, багыттын жалпы көлөмү болгон 16 миллиард куб метрдин эки эсеге көбөйтүлө ала тарганын белгилеп өттү.

Оудкирк, энергетика булактарынын соода-сатык мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо жагынан жаңы өнөктөштүктөрдү пайда кыла турганына да токтолуп, «ТАНАП дүйнөлүк өнүгүүгө салым кошот. Шериктештерибиз жана өнөктөштөрүбүздүн энергетика коопсуздугу биз үчүн маанилүү»,-деди.


Этикеткалар: ТАНАП , АКШ

Тектеш кабарлар