Кытай вазасы 16,2 миллион еврого сатылды

Тарыхый ваза бут кийим кутусунда байкалбай калган.

Кытай вазасы 16,2 миллион еврого сатылды

Францияда көптөгөн жылдар бою үстүңкү кабатта бут кийим кутусунда калган жана андан кийин капыстан табылган Кытай вазасы 16,2 миллион еврого (орто эсеп менен 87 миллион лира) сатылды.

ББСнин кабарына караганда 500-700 миң еврого сатылышы күтүлгөн 18-кылымга таандык Кытай вазасы борбор шаар Париждеги «Сотбис» үйүндө өткөрүлгөн аукциондо 16,2 миллион еврого сатылгандыгы белгиленди.

Вазанын баасынын Париждеги «Сотбис» аукцион үйүндө ушул учурга чейин жалгыз бөлүккө берилген эң кымбат баа экени билдирилди.

Аукцион үйүнүн Азия көркөм өнөрү боюнча адиси Оливье Вальмиер өз билдирүүсүндө, бул вазаны биринчи көргөндөрүндө абдан таасирленгендерин жана мунун чыныгы искусство экенин айтты.

Вальмиер, вазанын бетинде Кытайда 1736-1795-жылдарда өкүм сүргөн император Цяньлунга таандык мөөрдүн болгонун да билдирди.



Тектеш кабарлар