Туризм көрсөткүчтөрү
Антальяда туризм жанданды.
Туризм көрсөткүчтөрү азыртадан эле кубандырууда.
Туризмдин борбору Антальяда 2018-жыл үчүн рекорд күтүлүүдө.
Шаарга январь, февраль март айында келген туристтердин саны, өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 34,9 пайыз өстү.
Эки айлык көрсөткүчтөргө караганда биринчи орунда ирандык туристтер турат.
Гемания 12 пайыз, Орусия 69 пайыз, Англия 33 пайыз жана Нидерландия 18 пайыз өстү.
Бул көрсөткүчтөргө эрте брондоолор да кошулганда күтүүлөр артты.
Орусиялык жана европалыктар эс алып эле тим болбостон Түркияда турак-жайга да ээ болушту.
Түркиянын статистика мекесинин көрсөткүчтөрүнө караганда, Антальяда чет өлкөлүктөргө турак-жай соодасы өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 30 пайыз өстү.
Январь жана февраль айларында чет өлкөлүктөргө 842 үй сатылды.
Тектеш кабарлар
Түрк чайынын экспорту
Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.