Түркия Японияга алгачкы тоок экспортун ишке ашырды

500 тонналык экспорт контейнерлери Японияга кирди.

Түркия Японияга алгачкы тоок экспортун ишке ашырды

Японияда жолугушууларды өткөргөн экономика министри Нихат Зейбекчи түрк канаттуулар этинин бул өлкөгө биринчи жолу өткөрүлүшү менен Түркиянын Токио элчилигиндеги аземге катышты.

Эки күндүк Токио сапарынын негизинде япон кесиптеши жана Япониянын алдыңкы мекеме жана ишкерлер менен маанилүү жолугушууларды өткөргөндүгүн белгилеген Зейбекчи : «Сапарыбыздын эң негизги күн тартип беренелеринин бирөөсү эки өлкөнүн ортосунда 2014 -  жылдан бери жүргүзүлүп келе жаткан соода келишими. Бул тууралуу сүйлөшүүлөрдүн сегизинчисин өткөрдүк. Тогузунчу жыйынды апрелде өткөрөбүз»,- деди.

Зейбекчи 4, 7 миллиард доллар соода көлөмүнүн 4 – 5  эсе артышын каалашкандарын белгилеп, : «Японияга абдан чоң маани беребиз. 2018 -  жылдын эки өлкөнүн экономикалык карым  - катнаштарында тарыхый бурулуш жери болоруна ишенебиз»,- деди.



Тектеш кабарлар