Кытайда жаз майрамынан түшкөн киреше
Туризм кирешеси өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 12,6 пайыз өстү.
Кытайдын эң маанилүү салттык майрамдарынан Жаз майрамында орто эсеп менен 75 миллиард долларлык туризм кирешеси түштү.
Улуттук туризм департаменти, жаңы жыл катары да билинген Жаз майрамы үчүн 15-февралдан 21-февралга чейинки расмий эс алуу мөөнөтүндө 475 миллиард юань (орто эсеп менен 75 миллиард доллар) туризм кирешеси түшкөнүн билдирди.
Туризм кирешесинин өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 12,6 пайыз өскөнү белгиленди.
Элдер көбүнчө автобустарды тандаган өлкөдө эс алуу учурунда 386 миллион шаарлар аралык саякат катталды.
Сычуань, Гуандун жана Хунань провинциялары, туристтер эң көп тандаган жерлердин башында орун алды.
Тектеш кабарлар
Түрк чайынын экспорту
Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.