Түркия Кытайда дагы активдүү болушу керек

Бажы жана соода министри Бүлент Түфенкчи,расмий сапар менен барган Кытайдагы жолугушуулары тууралуу маалымат берди.

908224
Түркия Кытайда дагы активдүү болушу керек

Бажы жана соода министри Бүлент Түфенкчи, Түркия жана Кытайдын бири-бирине эки тараптуу түрдө абдан чоң мүмкүнчүлүктөрдү сунганын белгилеп өттү.

Министр Түфенкчи, расмий сапар менен барган Кытайдагы жолугушуулары тууралуу, «Түркия Кытайда дагы активдүү болушу керек»,-деп айтты.

Глобалдык чек араны ашкан 1-электрондук соода конференциясынын  алкагында Кытайда жолугушууларды өткөргөн министр Түфенкчи, Кытайдын аймагында дагы дүйнөдө дагы эң маанилүү экономикалык күчтөрдөн бири болгонун баса белгиледи.

Түфенкчи, электрондук сооданын акыркы жылдардагы ылдам өнүгүүсүнө көңүл буруп, Кытайдын чоң секирик жаратканына токтолду.

Түркияда да электрондук сооданын экономиканын ичиндеги үлүшүнүн барган сайын өскөнүнө көңүл бурган Түфенкчи: «Өлкөбүздө электрондук сооданын экономикадагы үлүшү 3,6 пайыз деңгээлине чыккан абалда жана жасаган түзөтүүлөр менен бул катнаш барган сайын өсүп баратат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар