Давос саммити эртең башталат

Форумга 70ке жакын өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары катышат.

894068
Давос саммити эртең башталат

Дүйнөлүк экономикалык форум эртең Швейцариянын Давос шаарында башталат.

Дүйнөлүк экономика, коопсуздук жана экология сыяктуу темаларда орток кызыкчылыктардын негизинде түзүлгөн эл аралык кызматташуу карала турган 48-Дүйнөлүк экономикалык форум, 70ке жакын өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын катышуусунда чогулат.

23-26-январь күндөрүнүн аралыгында өткөрүлө турган Давос саммитине, 100дөн ашуун өлкөдөн 3 миңге жакын ишкер, саясатчы, академик жана жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышат.



Тектеш кабарлар