Кытайдын Шинжан-Уйгур автономдуу аймагында жаңы мунай зат резервдери табылды

Аты аталган булактын дүйнөдөгү эң чоң мунай зат резервдеринен бири экени белгиленди.

Кытайдын Шинжан-Уйгур автономдуу аймагында жаңы мунай зат резервдери табылды

Кытайдын Шинжан-Уйгур автономдуу аймагында орто эсеп менен 1 миллиард тонналык көлөмгөе ээ болгон жаңы мунай зат резервдери табылды.

Кытайдын эл аралык радиосунун кабарында өлкөнүн гигант энергия өндүрүүчү фирмаларынан бири Petro China фирмасы Юггар бассейнинин Ма көлү аймагында мунай зат резервин тапканы айтылды.

Аты аталган булактын дүйнөдөгү эң чоң мунай зат резервдеринен бири экени белгиленди.

Petro China, акыркы эки жылда Кытайдын Шинжан-Уйгур автономдуу аймагында 1 миллион 380 миң тонна мунай зат өндүрүп чыгарган. Фирма өлкөнүн 13-беш жылдык (2016-2020) өнүгүү планынын алкагында аймактан 6 миллион тонна мунай зат өндүрүүнү максаттаган.

Дүйнөнүн эң чоң энергия талаптоочусу болгон Кытайдын түндүк-батышындагы Уйгур аймагы, мунай зат менен катар алтын,платин, күмүш, уран жана көмүрдөн баштап көп сандаган жер астындагы байлыкты камтыйт.



Тектеш кабарлар