Украинадагы түрк инвестициялары 2,5 миллиард долларга жакындады

Түрк –Украина ишкерлер коомунун (ТУИК) төрагасы Бурак Пехливан, Хименильцкий аймагынын соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган экономика форумунда сөз сүйлөдү.

Украинадагы түрк инвестициялары 2,5 миллиард долларга жакындады

Украинадагы түрк инвестициялары 2,5 миллиард долларга жакындады.

Түрк –Украина ишкерлер коомунун (ТУИК) төрагасы Бурак Пехливан, көз карандысыздыкка ээ болушунан бери Украинадагы Түрк инвестицияларынын 2,5 миллиард долларга жакындаганын айтты.

Пехливан, Хименильцкий аймагынын соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган экономика форумунда сүйлөгөн сөзүндө Украинанын акыркы 3,5 жылда ылдам реформа процессине өткөнүнө көңүл буруп бул мезгилде аткарылган мыйзамдык реформалардын өлкөнүн көз карандысыздыгынан бери таасирдүү болгонун айтты.

Украинанын 2014-жылдагы «аянт» окуяларынан мурда тышкы соодасынын 40 пайызга жакынын Орусия менен жүргүзгөнүн эске салган Пехливан, бүгүнкү күндө бул катнаш 10 пайызга түшкөнүн белгилеп өттү.

Түркия-Украина эркин соода келишиминин кол коюлушунун эки өлкөнүн ортосундагы соода жана инвестицияларды арттыруудан дагы жогору рол ойной турганын белгилеген Пехливан, «Акыркы 15 жылда Украина, Түркия менен болгон тышкы соодасында 32 миллиард доллардан ашкан тышкы соода ашыкчасына ээ болду. Түркия бул мезгилде Украинанын ачык айырма менен эң көп тышкы соода профитине ээ болгон өлкөсү болду. Түрк фирмаларынын акыркы он жылда чет өлкөгө жасаган инвестициялары орто эсеп менен 30 миллиард долларга жетсе, көз карандысыздыгына ээ болушунан бери Украинадагы түрк инвестициялары 2,5 миллиард долларга жакындады. Түркия-Укариана эркин экономикалык келишимдин оң таасирлерин Канада жана ЕБ менен түзүлгөн Эркин соода зоналарына караганда, өзгөчө инвестициялар темасында ылдам түрдө көрүшүбүздү мүмкүн кылат»,-деди.



Тектеш кабарлар