Автоунаа өндүрүшү өстү

Экспорттун көлөмү да жогорулады

Автоунаа өндүрүшү өстү

Автоунаа өндүрүшү 10 айдын ичинде 27 пайыз өстү.

Түрк автоунаа өнөр жайынын жалпы өндүрүшү быйыл январь-октябрь айларынын аралыгында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 17 пайыз, автоунаанын өндүрүмү болсо 27 пайыз өстү.

Бул мезгилде жалпы өндүрүш 1 миллион 380 миң, автоунаанын өндүрүмү болсо 941 миңге жетти.

Ушундайча жалпы өндүрүш январь-октябрь айларынын аралыгында түрк автоунаа өнөр жайынын эң жогорку деңгээлине жеткен болду. Бул мезгилде жалпы экспорттун көлөмү 1 миллион 103 миң даана, автоунаанын экспорту болсо 769 миң даана болду.



Тектеш кабарлар