Саякат көрсөткүчтөрү

Өлкөнүн ичине саякат кылууларда быйыл маанилүү өсүү болду

842630
Саякат көрсөткүчтөрү

Түркиянын статистика мекемеси апрель-июнь айлары үчүн туризм көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Бул мезгилде өлкөнүн ичине саякат кылгандардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 46,7 пайыз өстү.

Ар бир беш саякаттын бири туристтик максаттуу болду.

Экинчи чейректе Түркияда 17 миллион 731 миң саякат жасалды.

Саякаттардын 69 пайызы б.а ар бир үч саякаттын экиси жакын туугандарына баруу максатында эле.

Кыдыруу, көңүл ачуу жана эс алуулардын көрсөткүчү 19 пайыз болду.

Ал эми саякттардын 5 жарым пайызы саламаттык сактоого багытталды.

Ушул эле мезгилде саякат кылгандардын сарптаган каражаттары да өткөн жылга салыштырмалуу 53 пайыз өстү.

Ар бир саякат үчүн орто эсеп менен 388 лира, жалпы 7 миллиард лирага жакын каражат сарпталды.

Алардын 92 пайызын жеке чыгымдар, 8 пайызын пакет тур акылары түзүүдө.



Тектеш кабарлар