Түркияда автомобиль чыгаруу боюнча рекордго жетиштилди

Түркияда үстүбүздөгү жылдын 9 айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырамлуу 31 пайызга өсүү болуп 839 миңге жеткен автомобиль чыгаруу, бардык убактардын эң жогорку чегине жетти.

Түркияда автомобиль чыгаруу боюнча рекордго жетиштилди

Автомобиль чыгаруу бардык убактардын рекордуна жетишти.

Түркияда үстүбүздөгү жылдын 9 айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырамлуу 31 пайызга өсүү болуп 839 миңге жеткен автомобиль чыгаруу, бардык убактардын эң жогорку чегине жетти.

Автомобиль өнөр жайы коомунун жарыясына караганда 2017-жылдын январь-сентябрь мезгилинде мурдагы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда жалпы автомобиль өндүрүүсү 18 пайыздык өсүү көрсөтүп 1 миллион 224 миңге жетти.

Трактор чыгаруу кошулганда 1 миллион 262 миң 572ге жеткен автомобиль өнөр жайынын жалпы өндүрүүсү, январь-сентябрьмезгилдеринин ичинде тарыхынын эң жогорку деңгээлине жетти.

Ошол эле мезгилде 31 пайызга өсүү көрсөтүп 839 миңге жеткен автомобиль чыгаруу да бардык убактардын эң жогорку чегине жетти.

Быйыл январь-сентябрь мезгилинде өткөн жылдын бирдей эле мезгилине караганда саны жагынан жалпы автомобил экспорту 24 пайызга, автомобиль экспорту болсо 38 пайызга өсүү көрсөттү. Бул мезгилде жалпы экспорт 984 миң, автомобиль экспорту болсо 689 миң даана болду.

 


Этикеткалар: Түркияда , Автомобиль

Тектеш кабарлар