Орусияга помидор экспорттоо жакында чечилет

Орусиянын вице- премьери Аркадий Дворкович Түркиядан жылдык 60 миң тонна помидор экспорттолушуна уруксаттын берилиши үчүн сунуш киргизген.

Орусияга помидор экспорттоо жакында чечилет

 

Түркиянын Москва элчиси Хүсейин Дириөз Орусия менен Түркиянын башта энергия болуу менен туризм жана курулуш тармагында тыгыз иш алып баргандыгын белгиледи.

Айыл - чарба тармагында да тыюу салуулардын чоң бөлүгүнүн жоюлгандыгын айткан Дириөз Орусиянын вице- премьери Аркадий Дворковичтин Түркиядан помидор алууну кайрадан баштоого каратабилдирүүлөрүнө байланыштуу : «Помидор экспорту саясий маселе болуудан чыгып, техникалык деңгээлде чечиле турган абалга келди. Орусиянын өз помидорун өстүрүү үчүн салган инвестициялары бар, бирок бул тыштан помидор албайт деген мааниге келбейт. Кайрадан Түркиядан экспорттолот. Базар шарттары акырындап ачылат»,- деди.

Орусиянын вице- премьери Аркадий Дворкович шаршемби күнү берген маалыматында Орусия айыл – чарба министрлигинин өкмөткө Түркиядан жылдык 60 миң тонна помидор экспорттолушуна уруксаттын берилиши үчүн сунуш киргизгендигин билдирген.

 

 



Тектеш кабарлар