Немис фирмасы Сакарияга инвестиция салды

Трейлер чыгаруучу Schmitz Cargobullдун Түркиядагы алгачкы ишканасы Сакарияда 3-октябрда ачылды.

Немис фирмасы Сакарияга инвестиция салды

Германиянын трейлер фирмасы Schmitz Cargobull Түркияда алгачкы ишканасын ачты.

Жакынкы Чыгыш, Кара деңиз жана Европанын арасында энергия жана соода жолунун түзүлүүсү жагынан стратегиялык мааниге ээ болгон Түркиянын европалык фирмалар үчүн канчалык маанилүү базар экени дагы бир жолу тастыкталды.

Трейлер чыгаруучу Schmitz Cargobullдун Түркиядагы алгачкы ишканасы Сакарияда 3-октябрда ачылды.

Эренлер районундагы ишканада уюштурулган аземде сөз сүйлөгөн Schmitz Cargobull AGдин жогорку рангадагы башкаруучусу (CEO) Андреас Шмитц, дүйнөнүн эң ийгиликтүү, эң алдыңкы технологияларын колдонгон трейлер фирмасынан бирөө экендиктерин айтты.

Өткөн жылы дүйнө жүзүндө 58 миң даана унаа жасап чыгаргандарын, 2 миллиард евролук сатууга жетишкендерин белгилеген Шмитц, 6 миң кызматкердин түздөн-түз өздөрү үчүн иштегендерин түшүндүрдү.

Сакарияга салган инвестициялардын себебине токтолгон Шмитц: «Стратегиялык преспективадан караганда чыгышка, Жакынкы Чыгышка чыгуу жагынан Түркиядан көп сандаган транспорттун кеткенин көрүүдөбүз. Түркиянын бул транспортту жана сооданы башка жерлерге ачуу темасында абдан маанилүү потенциалы бар экенин ойлоодобуз»,-деп айтты.

Сакарияда 8800 чарчы метринин үстү жабык, жалпы 20 миң чарчы метрдик аянтка курулган Schmitz Cargobull ишканасы, Түркиядагы өндүрүү көлөмүн 8 жыл ичинде 3 миң даананын үстүнө жеткирүүнү пландаган.

Жалпы 90 миллион евролук инвестиция сала турган фирма, курулган ишканада жасала турган көшөгөлүү, үстү ачык, муздаткыч бөлмөлүү жана демпфердүү унаа топтору менен орто мөөнөттө Түркиядагы базар үлүшүн 30 пайызга жеткирүүнү максатоодо.



Тектеш кабарлар