Маниса жүзүмү Европа менен Орусияга экспорттолууда

Жүзүмдөр жүктөлгөн 50 фура Алашехир бажы директорлугунан Европа өлкөлөрү менен Орусияга жиберилди.

Маниса жүзүмү Европа менен Орусияга экспорттолууда

Манисанын дүйнөгө белгилүү Султание жүзүмдөрү Европа өлкөлөрү менен Орусияга экспорттоло баштады.

Экономика министрлиги Батыш Анадолу аймактык директорлугунун негизинде түзүлгөн комиссиянын иликтөөлөрү жана алынган анализдердин жыйынтыгында Алашехир, Салихли жана Сарыгөл райондорунун жүзүмдөрү экспорттолуу үчүн фураларга жүктөлдү.

Жүзүмдөр жүктөлгөн 50 фура Алашехир бажы директорлугунан Европа өлкөлөрү менен Орусияга жиберилди.

Эгей бажы жана соода директорунун аткаруучу өкүлү Нихат Кынык продукциянын сапаты жана логистикалык мааниде жакшы бир жыл өткөрүүнү үмүт кылышкандарын белгилеп, бул сезондо 10 миңге жакын фурага жүзүм жүктөлүшүн күтүп жатышкандарын айтты.



Тектеш кабарлар