Иерусалимге арзан билет

Иерусалимге барып-келүүнүн акысы канча турат?

Иерусалимге арзан билет

Түрк аба жолдору Иерусалим каттамдары үчүн билеттерди арзандатты.    

Башкы директор Билал Экши социалдык тармак Твиттер аркылуу, Иерусалимге каттамдар үчүн билет баалары жөнүндө маалымат берди.

Билал Экши: «Иерусалим шаары- Асманда курулуп жерге түшүрүлгөн шаар. (акын С. Каракоч). Келишим түзгөн агенттиктерге «Сабиха Гөкчен» аэропортунан Иерусалимге барып-келүүнүн акысы 159 доллар»,- деп айтты.

Бир канча күн мурда жарандар тарабынан социалдык медиада «#ThyKudüseİndirimYap» (Түрк аба жолдору Иерусалимге билеттердин баасын арзандат) этикеткасы менен акция баштатышкан болчу.



Тектеш кабарлар