Эң көп шокалад экспорттолгон өлкөлөр араб өлкөлөрү болду

Түркия Статистика Мекемесинин маалыматтарына караганда түрк шокалады эң көп араб өлкөлөрү тарабынан тандалууда.

759566
Эң көп шокалад экспорттолгон өлкөлөр араб өлкөлөрү болду

Түркиянын өткөн жылкы шокалад экспорту 182, 6 миллион доллар болуп, мунун жарымынан ашыкчасына  туура келген 109 миллион долларлык бөлүгү араб өлкөлөрү тарабынан алынды.

Түркия Статистика Мекемесинин маалыматтарына караганда түрк шокалады эң көп араб өлкөлөрү тарабынан тандалууда.

Өткөн жылы жалпы шокалад экспорту 182, 6 миллиард доллар болгон болсо экспорттолгон жалпы шокалад көлөмү 71, 3 миң тонна болуп катталды. Шокалад  экспорту эң көп араб өлкөлөрүнө жасалды. Экспортто 35, 3 миллион доллар менен Ирак биринчи орунда турса, 17, 1 миллион доллар менен Сауд Аравия, 14, 7 миллион доллар менен Бириккен Араб Эмирликтери келди.

Түркиянын ошол эле жылы араб өлкөлөрүнөн Йеменге 6, 5 миллион доллар, Алжирге 5, 6 миллион доллар жана Ливияга 4, 8 миллион долларлык шокалад сатты. Акыркы мезгилде булуң өлкөлөрү менен араздашып жаткан Катарга карата шокалад  экспорту болсо өткөн жылы 3, 2 миллион доллар болду.

Өткөн жылы Канада жана АКШга карата шокалад экспорту да миллиондогон долларга жетти. Түрк шокаладына 2016 -  жылы АКШ 4, 3 миллион доллар, Канада болсо 3, 3 миллион доллар төлөдү. Экспорттолгон шокаладдын килограммы өткөн жылы 2, 6 долларга сатылды.

Бир тараптан өткөн жылы жалпы шокалад импорту 21, 3 миллион доллар болгон болсо импорттоп алынган шокалад көлөмү 2, 2 миң тонна болуп ишке ашты. Түркия эң көп шокалад импортун 2016 -  жылы 11, 6 миллион доллар менен Геманиядан алды.  



Тектеш кабарлар