Бир алкак-бир жол: Заманбап Жибек Жолу

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-23

Бир алкак-бир жол: Заманбап Жибек Жолу

Кытай көптөн бери таанытып келе жаткан «Заманбап Жибек Жолу» долбоору үчүн 29 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары май айында Пекинде жолугушушту. Биз да бул жумадагы программабызда «Бир алкак-бир жол: Заманбап Жибек Жолу долбоорун» талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

2013-жылы Кытайдын лидери Си Цзиньпин тарабынан сунушталган «Бир алкак-бир жол: Заманбап Жибек Жолу» деп аталган долбоор үчүн 29 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары май айынын ичинде Пекинге чогулушту. Кытай бул долбоор үчүн 2014-жылы «Жибек Жолу» фондун түздү. Бул фондго 40 миллиард доллар каражат бөлүндү. Долбоорго колдоо көрсөтүү үчүн да 2014-жылы 100 миллиард долларлык инвестиция менен Азиянын инфраструктура жана инвестиция банкы түзүлдү. Түркия Республикасы бул банкта негиздөөчү мүчөлөрдүн бири болуп саналат. Божомолдоолорго караганда долбоор 65 өлкөдө 4.4 миллиард кишиге жана 20 триллион долларга жетет.

Долбоордун негизги максаты Азия-Европа багытындагы маанилүү экономикалардын ортосунда транспорттук инфраструктура, соода-сатык жана инвестиция байланыштарын түзүү болуп эсептелет. Долбоор жалгыз бир жолдон өтпөйт. Көп жактуу жана ар түрдүү альтернативаларды камтууда. Кургактыктан жана деңизден болуп эки негизги эл аралык соода багыты бар. Биринчиси «Жибек жолу экономикалык алкагы», экинчиси болсо «Деңиз Жибек жолу». Түркия «Ортоңку коридор» деп аталган Кытай-Борбору жана Батыш Азия коридорунун боюнда орун алууда. Жол түшүнүгү аркылуу деңиз жолу баса белгиленүүдө. Ушул алкакта түштүк жана түштүк-чыгыш Азиядан Чыгыш Африка жана Жер ортолук деңиздин түндүгүнө чейин жеткен деңиз аймагында пландалган порттор жана берки жээк структуралары тармагынан сөз болуп жатат. Б.а «Жибек Жолу» долбоору Кытайдын Маршалл планы деп да айтылууда. Кытайдын жетекчилигинде өнүккөн бул долбоор, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин АКШнын Маршалл жарым аралына окшоштурулса да экономисттердин божомолдоолоруна караганда андан 12 эсе чоң болот.

Түркия Кытайдын кадамдарына учурда иштеп жаткан Мармарай жана Явуз Султан Селим көпүрөсү инвестициялары менен колдоо көрсөттү. Айрыкча үчүнчү аэропорт, Баку-Тбилиси-Карс жана Эдирне-Карс темир жол долбоорлору менен колдоо көрсөтүүсүн улантууда. Түркия бул так кадамдар менен алгач долбоордун кургактан өтүүчү бөлүгүнө кошулду. Коридор иштей баштаганда Кытай менен Түркиянын ортосундагы ташуу мөөнөтү 30 күндөн 10 күнгө азайат. Пекинден деңиз жолу аркылуу эки айда тапшырылган товарлар, эки жумадан кыска мөөнөттүн ичинде Стамбулда болот. Авто жол аралыгы да үч миң километрге кыскарат. Борбору Кытайда орун алган (дүйнөдөгү ири логистикалык компаниялардын бири) COSCO, Түркиянын эң көп контейнер иштеткен үчүнчү порту Кумпортту сатып алды. Бул жагдай менен Түркия долбоордун деңиз бөлүгүнө да кошулган болду.

Түркиянын президенти Эрдоган кошумча түрдө туризм, илим, технология жана медиа тармактарында кеңири маданий кызматташтык түзүлүүсүн, студент жана кызматкер алмашуу программасынын жайылтылуусун сунуштап жатат. Эрдоганга караганда бул долбоор аймакта жана дүйнөдө террорду жер менен жекесен кыла турчу демилге болот. Эрдоган Түркия катары долбоорго ар түрдүү колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин да баса белгилөөдө.

Азия, Африка жана Европада ири инфраструктуралык инвестицияларды көздөгөн долбоор, ошол эле учурда диний борборлордун, цивилизациялардын жана коммуналдык-экономикалык жана маданий байланыштардын түзүлүүсүнө да мүмкүнчүлүк жаратат. Бул долбоор Кытай менен катар Борбордук Азиядагы Түрк Республикалары менен Түркия, Иран жана Орусия сыяктуу маанилүү өлкөлөрдү камтууда. Тарыхта Жибек Жолунун эң орчундуу  багыттарынын бири болгон Анадолуга кожоюндук кылган Түркия, Кытайдан башталып Европанын ичине чейин бара турган долбоордун негизги өлкөлөрүнүн бири болуп эсептелет. Европа, Азия жана Жакынкы Чыгыш аймагы кесилишкен жерде жайгашкан Түркия, долбоордун авто жана темир жолдорун камтыган «Жибек Жолу экономикалык алкагынын» Европага байланышкан жерин түзүүдө. Учурда Кытай менен Түркиянын бири-бирине болгон муктаждыгына карата Кытай, Жибек Жолу долбоорунун борбору абалындагы Түркия менен байланыштарын өнүктүрүп Жибек Жолун да жандандырууга аракет кылууда.

Түркия күчтүү порт инфраструктурасы менен деңиз жолунан жетүү үчүн маанилүү мүмкүнчүлүккө ээ. Бирок өзгөчө темир жолу жана логистикалык тармагын күчтөндүрүүгө карата уланып жаткан долбоорлорун ылдамдатуусу керек. Түркия бул долбоор аркылуу Жибек Жолу экономикалык алкагында жайгашкан Кытай, Иран, Орусия сыяктуу өлкөлөр менен болгон өнүккөн экономикалык байланыштарын бекемдейт. Эң негизгиси болсо Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан сыяктуу Түрк Республикалары менен да өз ара аракеттенүүсүн жогорку деңгээлге жеткирет.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 



Тектеш кабарлар