Виртуалдык акча бирдиги Bitcoin рекордун жаңылады

Bitcoinдин баасы 2,400 доллардын үстүнө чыгып жаңы рекордго жетишти.

739452
Виртуалдык акча бирдиги Bitcoin рекордун жаңылады

Виртуалдык акча бирдиги катары таанылган Bitcoin рекордун жаңылады.

Интернеттин банксыз жана мамлекетсиз акча бирдиги катары билинген Bitcoinдин баасы 2,400 доллардын үстүнө чыгып жаңы рекордго жетишти.

Bitcoinдин баасы бүгүн 2,460 долларга жетип тарыхындагы эң жогорку деңгээлге жетти. Bitcoinдин базар баасы да 40 миллиард доллардан жогору болду.

Ушундайча Bitcoinдин баасы бүгүн 8,5 пайызга жогоруласа, жылдын башынан бери 147 пайызга жогорулаган болду.

Адистер, АКШдагы саясий белгисиздик чөйрөсү жана дүйнө жүзүндөгү кибердик коопсуздук санааркоолорун белгилеп, жалгыз эле интернет чөйрөсүндө санариптик түрдө каржылана алган Bitcoinге болгон талап жогорулаганын баса белгилешкен.

Алгач ирет 2008-жылы санариптик акча бирдиги катары чыккан Bitcoinдин колдонуучу санынын 100 миң кишиге жеткени божомолдонууда.

 



Тектеш кабарлар