Экспорттун көлөмү өсүүдө

Түркиянын экспорт максаттары

Экспорттун көлөмү өсүүдө

Түркиянын 2017-жылдагы экспорту 155 миллиард доллардан ашат.

Түркиянын экспортчулар ассамблеясынын 2017-жылдын биринчи чейреги үчүн көрсөткүчтөрү жана экинчи чейрекке катары божомолдоолорунун жыйынтыктары жарыяланган жыйында сөз сүйлөгөн экономика министри Нихат Зейбекчи: «Бул айдын аягында алтындын экспортунан тышкары 10 пайыздын үстүндө, 15 пайызга жакын экспорт өсүүсүн күтүп жатабыз»,-деди.  

Нихат Зейбекчи Орусия менен эки тараптуу соода-сатыкта нормалдашуу болгонун, бир гана помидор соодасында маселе бар экенин айтып: «Түркиянын Орусияга помидор экспорттобошу биз үчүн дүйнөнүн акыры эмес. Алардын Орусияда помидор өндүрүүгө байланыштуу айтымдары бар, бирок биз буга мурдагыдай болбойт деген сөздү эч качан кабыл албайбыз. Бажы салыктарын көбөйтүп же азайтып чара көрүүлөрүн да түшүнүү менен кабыл алабыз. Ошондуктан бул процессте май  айынын аягына чейин байкап көрөбүз. Андан кийин да жалпысынан алганда малдашуубуз, эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатыкта эч бир тоскоолдуктун калбашы»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар