БУУнун төрт өлкө үчүн чукул жардам чакырыгы...

Төрт өлкөдө 1 миллиондон ашуун бала өлүм менен бетме-бет келген абалда

678383
БУУнун төрт өлкө үчүн чукул жардам чакырыгы...

БУУ Түштүк Судан, Нигерия, Сомали жана Йеменде 20 миллиондон ашуун адамдын ачарчылык менен бетме-бет келгенин билдирди.

Бул өлкөлөр үчүн 4,4 миллиард доллардык чукул жардам берүүгө чакырылды.

БУУнун баш катчысы Антонио Гутеррес ачарчылык менен күрөшүп жаткан Түштүк Судан, Нигерия, Сомали жана Йемендеги адамзаттык кризисине көңүл бурду.

Гутеррес бул өлкөлөрдө миллиондогон адамдын жетишсиз тамактануунун айынан өлүмгө дуушар болуп жаткандарын белгиледи.

Аймакта жугуштуу оорулардын да күч алганына көңүл бурган Гутеррес: «Чоң апаатка бөгөт болуу үчүн март айынын аягына чейин 4,4 миллиард долларга муктаждыгыбыз бар. Көп сандаган балдар каза болгондон кийин жардамдардын келишин көргүм келбейт. Апаатты алдын алуу үчүн азыр ишке киришибиз керек»,- деп айтты.

БУУнун Балдарга жардам фонду ЮНИСЕФ, аты аталган өлкөлөрдө 1 миллион 400 миң баланын ачарчылыктын айынан өлүм менен бетме-бет келгенин белгиледи.



Тектеш кабарлар