Европа Комиссиясынын экономикалык сунуштары

Европа Биримдиги өлкөлөрүндөгү экономикалык өнүгүү калыбына келди.

81418
Европа Комиссиясынын экономикалык сунуштары

Европа Комиссиясы мүчө өлкөлөрдүн экономикалык саясаттарына карата сунуштарын Брюсселде өткөрүлгөн маалымат жыйында билдирди.
Бул сунуштардын мүчө өлкөлөргө жол көрсөткөн компас кызматын аткарганын белгилеген Европа Комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэль Баррозу: «Өнүгүү калыбына келе баштады, ушул жылдан тарта жумуш менен камсыздоодо да өсүү болот»,- деп айтты.
Жыл сайын мүчө өлкөлөрдүн экономикалык абалдары эске алынып чыгарылган сунуш-токтомдору Европа Биримдигиндеги 26 өлкөнү камтууда.
Бул токтомдор экономикалары кылдат текшерилип жаткан Греция менен Кипрдын Рум бөлүгүн камтыбайт.
Отчетто Европа Биримдиги өлкөлөрүндөгү экономикалык өсүүнүн калыбына келгени баса белгиленүүдө.
Европа Комиссиясынын сунуш-токтомдорунун ушул айдын аягында Брюсселде өткөрүлө турган жыйында мүчө өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары тарабынан каралгандан кийин кабыл алынуусу күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар