Дүйнөлүк басма сөз 21.02.2019
Дүйнөлүк басма сөздөгү маалыматтардын башкы темалары.
Сауд-британ «Альшарк Алавсат» гезити: Ирандын ракета программасына кирүү аракети ийгиликсиз болгонун билдирген.
Кувейтте басылып чыккан «Эль Ватан» гезити: Сауд Арабия менен Индия 100 миллиард долларлык 5 келишимге кол койгондорун маалымдаган.
Германиядагы Spiegel Online: «2019-жылкы саякат тренддери: «Түркия эң жогорку баскычта турса Майоркага кызыгуу азайды» деген теманы койгон.
Bild гезити: «Германиянын чоң ийгилиги: кандын анализи менен сүт безинин (эмчектин) рагы аныкталды» деп билдирген.
Испанияда басылып чыккан «El País» гезити: Марокко менен түзүлгөн жаңы келишимге караганда, Испаниянын Деңиз куткаруучу бөлүктөрү Жер ортолук деңизде куткарылган бозгундардын бир бөлүгүн Марокконун портторуна таштай алаарын жазган.
Орусиялык «Коммерсант» гезити: Путин: «Интернетти чет өлкөлүктөр ойлоп тапкан, ал жабылышы мүмкүн, биз жергиликтүүсүн түзүшүп керек»,- дегенин жазган.
«Известия» гезити: Эрдоган 8-апрелде Москвага барып Патин менен бирге Орусия-Түркия туризм жана маданият жылынын ачылышын жасай турганын билдирген.
RT Москва: Аэропорттордо аба ырайынын ыңгайсыз шарттарынын себебинен 34 каттам токтоп калганын же жылдырылгандыгын маалымдаган.
Ал эми КТРКнын сайты: Казакстан Кыргызстандан алма, курма жана картошка киргизүүгө убактылуу тыюу салганын билдирген.