Дүйнөлүк басма сөз 4.06.2018-8.06.2018

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтардын башкы темалары.

Дүйнөлүк басма сөз 4.06.2018-8.06.2018

Англия, Reuters маалымат агенттиги: «Түркиянын экономикадан жооптуу вице-премьери Мехмет Шимшек, эл аралык инвесторлордун акча саясатына болгон тынчсызданууларын Лондондо инвесторлор менен өткөргөн жолугуулар учурунда жойгондон кийин чет өлкөлүк капиталдын агымынын башталганын айтты».

Орусия Риа Новости агентиги: «Премьер-министр Бинали Йылдырым, Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу «Аккую» атомдук станция жана «Түрк агымы» газ куурунун курулушуна байланыштуу темаларды сүйлөштү».

АКШ, Türkish American веб-сайты: «Түркиянын учкучсуз учагынын алыстан башкарылган атуу платформасы кызмат көрсөтүүгө даяр».

Иран, Mehr маалымат агенттиги: «Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын: «Палестинаны колдоо чечимин АКШнын вето кылышы бизди таң калтырган жок»,-деди».

Англия, Reuters маалымат агенттиги: «Түркия менен АКШ Манбиж темасындагы жол картасын бекитти».

Орусия, Спутник маалымат агенттиги: «Эл аралык бренд рейтингине баа берүүчү мекеме Brand Financeтын иликтөөсүнө караганда, Түрк аба жолдору «Түркиянын эң баалуу бренди» болду».

Крым QHA маалымат агенттиги: «Украина менен Түркиянын ортосунда паспортсуз саякат режими туристтердин санын көбөйттү».

Крым QHA маалымат агенттиги: «Түркия Грецияга 15-июль кандуу төңкөрүш аракетинин күнөөкөрлөрү болгон козголоңчуларды эркин кое беришине каршылык көрсөттү».



Тектеш кабарлар