Дүйнөлүк басма сөз 30.04.2018 - 4.05.2018

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтардын башкы темалары.

963696
Дүйнөлүк басма сөз 30.04.2018 - 4.05.2018

Англия Reuters маалымат агенттиги: «Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу ишемби күнү, ирандык жана орусиялык кесиптештери менен Орусиянын борбор шаары Москвада өткөргөн жыйында, Сирияда кандайдыр бир аскердик чечүүчү жолдун мыйзамсыз жана улантынгыс экенин айтты».

Иран Фарс маалымат агенттиги: «Түркия менен Өзбекстандын ортосунда 24 кызматташтык келишимине кол коюлду».

Орусия Спутник веб-сайты: «Түркияда экспорт апрель айында 2017-жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 15 пайыз өсүп 13 миллиард 549 миллион долларга жетти. Акыркы 12 айлык экспорт болсо рекорд коюп 161.1 миллиард доллар болду».

Кытайдын Синьхуа берүү органы: «Түркиянын туризм кирешелери биринчи чейректе күчтүү өсүү көрсөттү».

АКШ CNN Эл аралык кабар каналы: «Күрөштүн грек-рим стили боюнча Европа чемпионатында Рыза Каяалп чемпион болду».

Орусия Спутник веб-сайты: «Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Түштүк Кореянын лидери Мун Чжэ Индин, делегациялар аралык жолугушуулардан кийин эки өлкөнүн ортосунда 4 келишим түзүлдү».

Франция AFP маалымат агенттиги: «Президент Режеп Таййип Эрдоган, Адилеттик жана өнүгүү партиясы тарабынан 24-июнда өтө турган президенттик шайлоого расмий түрдө талапкер көрсөтүлдү.

Кытай www.163.com, веб-сайты: «Алтын резервин 564,8 тоннага жеткирген Түркия, алтын рыногунда жаңы булак болууну каалайт».

АКШ Defense News журналы: «Түркия дагы да алыс аралыкка учуучу ракеталык программасын өнүктүрүп жатат».



Тектеш кабарлар