Дүйнөлүк басма сөз 23.04.2018 - 27.04.2018

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтардын башкы темалары.

Дүйнөлүк басма сөз 23.04.2018 - 27.04.2018

Англиянын ББС түркчө кызматынын веб-сайты: Англиянын эң ири саякат агенттиктеринен Томас Кук, Түркиянын 2018-жылдын жайы айы үчүн эң көп тандалган жер болгонун билдирди.

Крымдын QHA маалымат агенттиги: Түркия китеп окууда Европаны артта калтырды.

Орусиянын Риа Новости агенттиги: Орусия, Түркияга бере турчу С-400 ракеталык коргонуу системаларын чыгара баштады.

Грузиянын Interpressnews веб-сайты: Премьер-министр Бинали Йылдырым, Испанияда Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын сындоолорун «өз ишин аткарса дагы жакшы болот. Шайлоону Түркия өткөрөт, Европа Кеңеши эмес»,- деп жооп берди.

Крымдын QHA маалымат агенттиги: Түркияга келген украиналык туристтердин саны көбөйүп баратат.

Германиянын DW веб-сайты: Түркия, АКШнын президенти Дональд Трамптын 1915-жылдагы окуялар тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө орун алган туура эмес сөздөрдү жана субьективдүү тарых жорумун четке какты.

Орусиянын Риа Новости маалымат агенттиги: Түркия, Орусия жана Ирандын тышкы иштер министрлери 28-апрель ишемби күнү борбор шаар Москвада Сирия темалуу жыйын үчүн чогулат.

Испаниянын «Эль Мундо» гезити: Премьер-министр Бинали Йылдырым: «Европаны коргош үчүн жогорку бедел төлөп жатыбыз»,-деди.

Азербайжандын APA телекөрсөтүүсү: Президент Режеп Таййип Эрдоган, Карабах маселесинин эл аралык укуктук принциптердин алкагында чечилүүсүнүн маанилүү экенин айтты.

Орусия Спутник веб-сайты: Улуттук согуштук учак үчүн кол коюлду. Учак 2030-жылдарда Түрк куралдуу күчтөрүндөгү ордун алат.



Тектеш кабарлар