Дүйнөлүк басма сөз 16.04.2018 - 20.04.2018

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтардын башкы темалары.

Дүйнөлүк басма сөз 16.04.2018 - 20.04.2018

Англия Reuters маалымат агенттиги: Түркия, Сирия темасында эч кимдин жанында эмес экенин жана Иран, Орусия, АКШдан башкача саясат жүргүзгөнүн билдирди.

Англия ББС түркчө веб-сайты: Премьер-министр Бинали Йылдырым, Айдындын Дидим районунун жээктериндеги Антрофотос аралына илинген грек желегинин алып салынганын айтты.

Германия DW веб-сайты: Президент Режеп Таййип Эрдоган,  шайлоонун 24-июнда мөөнөтүнөн мурда өтөөрүн айтты.

Крым QHA маалымат агенттиги: Стамбул, Түрк маданияты жана тарыхы боюнча симпозиумга кожоюндук кылат.

Кытай борбордук TV CCTC: Президент Эрдоган ирандык кесиптеши Рухани менен Сириядагы абалды жана эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды сүйлөштү.

Босния-Герцеговина Ослободжене веб-сайты: НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Түркиянын НАТОго эң көп салым кошкон өлкө экенин айтты.

Орусиянын үнү радиосу: Премьер-министр Бинали Йылдырым, Грецияга чагымчылыктан алыс туруу чакырыгын салды.

Германия DPA маалымат агенттиги: Экономика жана энергетика министри Питер Альтмайер, Түркия менен экономика жана энергетика саясаттары тармагындагы алакаларды тереңдетүүнү каалагандарын айтты.

Германия DPA маалымат агенттиги: Президент Эрдоган менен Германиянын канцлери Меркель, Сириядагы кырдаал талкууланган телефон сүйлөшүүсүн өткөрүштү.

Франция борбордук Euronews веб-сайты: Түркия Европа Биримдиги Комиссиясы тарабынан даярдалган Түркия отчетунун обьективдүү жана тең салмактуу болгонун белгиледи.

Орусия Спутник веб-сайты: Президент Режеп Таййип Эрдоган Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен өз ара мамилелер, аймактык маселелер каралган телефон сүйлөшүүсүн өткөрдү.



Тектеш кабарлар