Дүйнөлүк басма сөз 26.03.2018 - 30.03.2018

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтардын башкы темалары.

Дүйнөлүк басма сөз 26.03.2018 - 30.03.2018

Англия, арабча Аль-Хаят гезити: «Түркия, Сириянын Африн аймагын террористтерден тазалап жикчил террордук уюм ПКК/ПЙД-ЙПГнин Сириянын түндүгүндө кургусу келген террор коридоруна бөгөт болгон болду».

Voice of America: Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын Ирактын Синжар аймагындагы жикчил террордук уюм ПККнын ал жакта болушуна толеранттуулук көрсөтө албай турганын белгилеп: «Керектүү чараны көрөбүз»,-деди.

Германия, Hochrhein-Zeitung гезити: «Инстаграмда эң көп бөлүшүлгөн шаарлардын арасында Чех Республикасынын борбор шаары Прага менен катар Италиянын борбору Рим жана Түркиянын борбор шаары Анкара да орун алды».

Германия, Deutsche Welle медиа мекемеси: «Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын Европа Биримдигине толук мүчөлүгүнүн, Анкаранын стратегиялык максаты болуусун уланта турганын айтты».

Англия, Reuters маалымат агенттиги: «Президент Режеп Таййип Эрдоган, Болгариянын Варна шаарындагы саммитте Европанын лидерлерине, Түркияны Европа Биримдигинин кеңейүү процессинин тышына түртүшүнүн чоң жаңылыштык болоорун айтты».

АКШ, CNN эл аралык маалымат каналы: «Трабзондогу Сүмела монастырында 2,5 жылдан бери уланып келе жаткан рестоврация иштери убагында ушул учурга чейин кездешилбеген жашыруун өтмө табылды».

Орусия, Спутник веб-сайты: «Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өткөрүлгөн Коргоо өнөр жайынын Аткаруу комитетинде 4.8 миллиард долларлык 29 долбоор каралды».

Орусиянын үнү радиосу: АКШнын президенти Дональд Трамп, Франциянын президенти Эмануэль Макрон менен телефондогу сүйлөшүүсүндө: «Сириядагы орток стратегиялык кыйынчылыктарга карата Түркия менен кызматташууну тыгыздаштырышыбыз керек»,-деди.

АКШ, Turkish American веб-сайты: Премьер-министр Бинали Йылдырым: «Түркиянын экономикасынын 2017-жылдагы 7,4 пайыздык өсүү көрсөткүчү биз үчүн күтүүсүз эмес. Мунун ушундай болоорун бир канча ай мурда эле өнүгүүлөрдөн байкаганбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар