Дүйнөлүк басма сөз 6.12.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар.

Дүйнөлүк басма сөз 6.12.2017

Англиянын REUTERS агенттиги «Эрдоган: Түркия Иерусалимден улам Израиль менен карым – катнаштарын токтотушу мүмкүн» деген макаласында Түркиянын президенти Р. Т. Эрдоган АКШнын Иерусалимди расмий түрдө Израилдин борбор шаары катары кабыл алышы менен Түркиянын ишти  Израиль менен дипломатиялык карым – катнаштарын үзүүгө чейин алып барышы мүмкүн экендигин айтты жана мындай бир кыймылдын мусулмандар үчүн «кызыл сызык» мүнөзүндө болорун айткандыгын жазган. Эрдоган : «Урматту Трамп Палестина коомунун жаралары айыга электе Израилди колдогондой чечим чыгаруусу эл аралык укукту бузгандык болот. Бул абал Түркиянын Изриаль менен карым  - катнаштарын бузууга чейин алып барышы мүмкүн. АКШга аймактагы маселелерди дагы да тереңдете турган мындай кадам таштабашы тууралуу эскертемин»,- деди.

Ирандын Мехр маалымат агенттиги : «Калын: АКШнын элчилигин Иерусалимге алып баруу санааркатуучу» деген маалыматында Түркиянын президенттик катчысы Ибрахим Калын АКШнын элчилигин Иерусалмге алып баруу ыктымалынын санааркатуучу экендигин белгиледи. Калын Твиттер эсебинен жарыялаган маалыматында : «АКШнын элчилигин Иерусалимге алып баруу чечими тууралуу жарыяланган кабарлар санааркатуучу. Бул толугу менен Иерусалимдин диний жана тарыхый күбөлүгүнө, эл аралык келишимдерге жана Бириккен Улуттар Уюмунун чечимдерине тескери бир кыймыл. Жакынкы Чыгыш тынчтыгы мындай абалда экен  элчиликтин жер котрушу Жакынкы Чыгыш тынчтык процессин жеңилүүгө учуратат жана аймакта жаңы бир араздашуулар жана кагылышуулардын чыгышына себеп болот. АКШнын мындай өлүмчүл  бир жаңылыштыкка түшпөшү керектигин ойлоп жатабыз»,- деди.

Орусиянын Орусиянын үнү радиосу «Чавушоглу НАТОнун тышкы иштер министрлернин жыйынына катышуу үчүн Брюсселде» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышуу үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселде экендигин билдирген. Чавушоглу кесиптеши Рекс Тиллерсон менен жолугушат. Бул жолугушууда АКШнын президенти Дональд Трамптын жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГге курал бербөө тууралуу убадасы Пентагондун болсо ЙПГге курал берүү процесси каралат. Чавушоглунун  башка бир сүйлөшүүсү да грек кесиптеши Никос Косиас менен өтөт.

АКШнын "Американын үнү" радиосунун интернет сайты «Вашингтондо Түркия конференциясы» деген маалыматында АКШнын борбор шаары Вашингтондо Middle East Institute аттуу ой мекемесинин 8 -  жылдык Түркия конференциясы өткөрүлгөндүгүн билдирген.

АКШнын тышкы иштер министрлиги Европа жана Евразия иштери боюнча кеңешчинин орун басары Жонатан Коэн конференциянын түштөн кийинки «Орусия менен батыштын ортосунда Түркия» деген паннелде  Түркия  - Америка карым – катнаштарынын дайыма терең бир экендиги белгиленип, арадагы тыгыз диалог жана дипломатиянын улантылышынын маанисин баса белгиледи. Коэн Түркиянын НАТОдогу экинчи эң чоң армияга ээ өлкө экендигин белгиледи. Коэн паннелде сүйлөгөн сөзүндө сириялык качкындарга каалгаларын ачышынан улам түрк өкмөтү жана калкынын бардык мактоого  ылайык экендигин да айтты.



Тектеш кабарлар